УКМК Жанар Акаевдин Жамгырчиев боюнча сүйлөгөн сөзү тууралуу билдирүү жасады

  • 2 года мурун

УКМК депутат Жанар Акаевдин Эмиль Жамгырчиев боюнча сүйлөгөн сөзү тууралуу билдирүү жасады.

«Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү.
Жанар Акаевде депутат Эмиль Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмиль Жамгырчиевдин жардамчысы укканын айткан. Өз кезегинде депутат жардамчы бул маалыматты телефон аркылуу Эмиль Жамгырчиевден алган. Учурда депутат Эмиль Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.

Ошону менен бирге аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле Эмиль Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Жанар Акаев Эмиль Жамгырчиевдин кармалышы боюнча сөз сүйлөп, Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты