УКМК: «Оберон-Дордой» жана «Оберон-Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган. 

 «Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд. 889 млн. 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилери айтылды.

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова 28-октябрда менчик мүлкү, «Оберон» базарынын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Анда Нуржамал Байболова иштин тарыхын баяндап берген, улуу муундун өкүлдөрүнүн эсиндедир, эгемендиктин биринчи жылдары, тагыраак айтканда 1991-жылы өлкө оор экономикалык абалда турганда, нарк экономикасына өтөбүз, демократия орнотобуз деген чакырыкты колдоп, ишкерликке өтүп, менин жолдошум Кубатбек Байболов досу Аскар Салымбеков экөө айтылуу “Дордойду” ачышкан. Анын биринчи директору болуп, пайдубалын өз колу менен түптөшкөн. Азыркы комплекстин орду чылгый саз, адам буту баспаган чытырман бадал болчу. Өздөштүрдүк, жүрө -жүрө кеңейип олтуруп, азыркы деңгээлге жетти. Ал эми Орто- Сай базарынын ордунда эбегейсиз чоң котлован болчу. Ошол учурдагы мыйзамдардын негизинде алиги жерлерди чексиз мөөнөткө алганбыз, кийин менчиктештирдик. Көңүлүңүздөрдү дагы бир ирет бурайын, элдин эмгегинен курулган даяр имарат, даяр айдоо жер эмес, кызылдай эмгек менен толтурулуп, кургатылып, өздөштүрүлгөн жер. 1995-жылы Кубатбек Калбекович Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландыгына байланыштуу, ишкерлигин токтотуп, 1997- жылы “Дордойдон” чыгып, жер мүлккө болгон үлүшүн алып, мага тиешелүү болгон «Оберон“ аттуу жеке компанияга өткөрүп берген. 27 жылдан бери мамлекеттин мыкты салык төлөөчүсү болуп, ачык, так иштеп келдик» деп билдирген.

«Биздин өлкөдө акыйкат табуу азырынча мүмкүн болбой калыптыр. Мурун эле кыйын эле, азыр ныпым. Кимисинин болсо да ичине ыйман кирип, акыйкат чечим кабыл алабы деп бир жылдан бери соттошуп келдик. Болгон тепкичтеринин баарынан өтөбүз, мүмкүн болгон бардык мыйзамдык жолдор менен адилеттикти издейбиз. Алдыда Жогорку Сотко кайрылган турабыз. Эгер ал жакта да Кыргыз мамлекетинин атынан менин жеке менчик укугум дагы бир жолу тебеленсе, эл аралык сотторго кайрылам» деди.

«Кызыгы, бир эле убакта, бирдей шартта, бир токтом менен, бир эле мыйзамдын негизинде алынган жер “Дордойдо” жана башка миңдеген жер алгандарга мыйзамдуу да, бизге келгенде мыйзамсыз болуп калды. Алалаган булардын күрөшү өч алууга катуу окшошууда» деди Байболова.

«Оберон» базарында иштеген ишкерлер базар башка менчикке өтүп жатканын, алардын соода жайлары алына тургандыгына нааразылык билдирип чыгышкан. Ал эми мэриянын өкүлү Темирлан Камчыбеков Бишкек шаарынын мэриясынын 23-октябрдагы № 213-214 токтому менен  “Дордой” жана Орто-Сай базарларынан жалпы баасы 3,9 млрд сомду түзгөн 8 гектар жер муниципалдык мүлк департаментине өткөрүлүп берилгенин билдирген. Мындан ары базарлар Бишкек муниципалдык базар болорун, контейнерлер ордунда калаарын айтты.

УКМК: "Оберон-Дордой" жана "Оберон-Орто-Сай" базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты