УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо боюнча казак ишкери Таировго издөө жарыялады

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) «мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ишкери Ясынжан Таиров тарабынан каржылоо фактыларын аныктады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Таиров Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) мыйзамсыз аракеттеринен, тагыраагы рэкет, опузалап акча каражаттарын системалуу түрдө алуу, ишкерлерден жыйым алуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, колдоо алуу максатында КР аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн.

Мындан тышкары Таиров «мыйзамдагы ууру» К. Асанбектин кылмыш ишин каржылоо максатында ага 200 миң АКШ доллары суммасындагы акча каражатын бергени аныкталган.

Ошондой эле «Симирам» эс алуу борборунун ээси уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган. Мындан тышкары, маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевге (К.Асанбек) иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруп, кымбат баалуу белектерди берип турган.

Таиров менен мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин жолугушуулары Чолпон-Ата шаарында, Көлбаевге жана ага аффилирленген жактарга таандык болгон «Барс» комплексинин аймагында өткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып алынган. Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросу боюнча издөө жарыяланган.

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо боюнча казак ишкери Таировго издөө жарыялады

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты