УКМК Чүй облусундагы кырктан ашуун күрөөканынын ишин текшерди

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-декабрда Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканынын ишин текшерди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде күрөөкана ишмердиги боюнча мыйзамдын, лицензиялык документтер, күрөөгө койгон мүлктөр боюнча талаптардын аткарылышы жана каражат булактары текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ломбарддын жетекчилери үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча милдеттенме алышканы айтылат.

УКМК мыйзам бузган күрөөканаларды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатканда күч органдарынан өлкөдөгү күрөөканаларга “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырган.

Ташиевдин айтымында, ломбарддар – 2023-жылдагы акыркы негизги тапшырмалардын бири. Ал күрөөканалардан карапайым калк жогорку пайыз менен насыя алып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калып жатканын белгилеген.

Ташиев Улуттук банкка да кайрылып, өлкөдөгү ломбарддардын лицензиясын жана үстөк пайызы 30%дан ашып-ашпаганын текшерүүгө чакырган. Мыйзам бузуулар аныкталса, күрөөкана ээлерине чара көрүлөт.

Кыргызстанда буга чейин да көп пайыз менен карыз берген ломбарддардын иши талкууланган. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу буйрук берген.

Кийин бул сыяктуу көп пайыз менен карыз берген каржы ишканалары улам ачылып, ишин жүргүзүп жатканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты