УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен адамдардын тобун кармады

  • 4 дня мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык башаламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен деструктивдүү топ кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жогоруда айтылган шек менен К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК кармалгандардын жашаган жерин жана унааларын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты