УКМК: «Азим Ройго издөө жарыяланды»

  • 8 месяцев мурун
УКМК: «Азим Ройго издөө жарыяланды»

Азим Ройго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«УКМК тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Орусиянын жараны, К.Асанбектин өкүл атасы) Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

Ал эми А.Рой К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталды. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Рой издөөгө алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет К.Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жатат “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 миллион долларды түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар Азим Рой менен К.Асанбектин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде К.Асанбек жашап келген. Ошондой эле А.Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К.Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион долларды түзгөн дача үйгө ээлик кылган», — деп жазылат маалыматта.

Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А.Ройго таандык болгон.

Эске салсак, «ПолитКлиника» медиасы президент Садыр Жапаров, анын кудасы Акылыбек Түмөнбаев менен Азим Ройдун түшкөн сүрөттүн таржымалын текшерген. Алар 2021-жылы жолукканы аныкталган. Ошол эле жылы ага мамлекеттик сыйлыктар дагы тапшырылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты