Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

8-сентябрда Kaktus.Media басылмасы президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Рой Азим (Орозахун Сайдазимов) жана Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

Соцтармактын колдонуучулары мамлекет башчынын “Орто Азиядагы жана Орусиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар” делген ишкер менен чогуу сүрөткө түшүүсүн сынга алды. 

“ПолитКлиника” медиасы коомчулукта талкуу жараткан сүрөт качан тартылганын текшерип, Рой Азим тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды чогултту. 

Боксер Алмазбек Раимкулов белекке берген спорттук костюм

Kaktus.Media жарыялаган сүрөттө Садыр Жапаров күндөн коргоочу көз айнек жана үстүнө кара жана кочкул кызыл түстөгү спорттук кийим кийип отурганын көрүүгө болот.

Бул костюмду кыргызстандыктар буга чейин Жапаровдун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен суу жээгинде түшкөн сүрөтүнөн көргөн эле. 

Тактап айтканда, 2021-жылдын 24-июлунда Ташиевге байланышы бар делген “Регион” телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов Фейсбукта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин суу жээгинде түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттө дагы Жапаров күндөн коргоочу көз айнегин жана жогорудагы спорттук кийимин кийип отурат. 

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

Бул костюмду Садыр Жапаров үчүн кыргызстандык боксер Алмазбек Раимкулов Азиля аттуу жергиликтүү дизайнерге буюртма берип тиктирген. Бул жөнүндө дизайнер Инстаграмдагы баракчасында жазган

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

Видеодо дизайнер, Раимкулов костюмду досу үчүн тиктирип жатканын айтканын белгилеген.

“Мага эл аралык класстагы белгилүү кыргызстандык боксер Алмазбек Раимкулов кайрылып, досу үчүн костюм тигип берүүнү суранды. Бирок ал досу президент болуп чыгарын ким билиптир”, — деген дизайнер Азиля.

Костюмга Алмазбек Раимкуловдун “Kid Diamond” деген каймана аты жана Садыр Жапаровдун инициалы (SJN) түшүрүлгөн. 

Көз айнектин таржымалы

2021-жылдын июлунда коомчулуктун көңүлүн мамлекет башчынын иш-чараларда, алтургай имараттын ичинде дагы күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүргөнү бурган.

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз
Президент коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатат, 2021-жыл 23-июль.
Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз
“Алтын” ювелирдик заводундагы жолугушуу, 2021-жылы 26-июль.

26-июлда президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров көзүнө операция жасаткандыктан көз айнек тагынып жүргөнүн маалымдаган.

Демек, Садыр Жапаровдун Рой Азим менен түшкөн сүрөтү 2021-жылдын жай айларында тартылганын божомолдоого болот. 

Мындан тышкары, сөз болуп жаткан сүрөттө Акылбек Түмөнбаев менен Рой Азим колуна беткап кармап турганын байкоого болот. Өткөн жылдын жай айларында Кыргызстанда коомдук жайларда беткап тагып жүрүү эрежеси алына элек болчу.

Рой Азим тууралуу эмнелер белгилүү?

OCCRP иликтөөчү-журналисттери Рой Азим Орусия менен Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар ишкер экенин, анын ичинде Кыргызстандагы белгилүү крим төбөлдөрдүн бири Камчы Көлбаев менен тааныш экенин белгилешет. 

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Рой Азим Чүй облусунун Чалдовар айылында туулган. 

Ал Совет бийлигинин тушунда, тагыраагы 1981-жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, пайда табуу, кол салуу, баңгизатын сактоо сыяктуу бир катар кылмыштар үчүн соттолгон. Эркиндикке чыкканга чейин дээрлик жети жыл темир тор артында отурган. 1991-жылы Азимдин соттуулугу алынып, 1998-жылы жокко чыгарылган. Ал учурда аты-жөнү Орозахун Сайдазимов болгон.

Соттуулугу жокко чыгарылганга чейин, 1997-жылы аты-жөнүн Рой Азим деп өзгөртүп, мурда соттолгонун көрсөтпөстөн АКШга виза алып, кеткен. Ал жакта каржы жана башкаруу боюнча консалтинг фирмасын ачып, Флорида штатында 1,27 миллион долларга үй сатып алган. 

2001-жылы октябрь айында виза алып жатканда мурда соттолгонун көрсөтпөгөнү үчүн алдамчылыкка айыпталган. Бирок Азим 75 миң доллар өлчөмүндө күрөө койгон соң андан айыптоону алышкан.

“Credit Suisse сырлары” долбоорунун иликтөөчү журналисттери швейцариялык Credit Suisse банкында Рой Азимдин эсеби бар экенин аныкташкан. Иликтөөдө Азимдин эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин иштегени айтылат. Анын эсебиндеги эң көп сумма 11,6 млн доллар болгон.

Рой Азимдин Кыргызстан менен байланышы

Кыргызстандагы шайлоочулардын tizme.gov.kg порталында “Азим Рой” аттуу шайлоочу бар. Бирок анын кайсы шайлоо тилкесине кирери көрсөтүлгөн эмес. 

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин базасында Рой Азимге байланышы бар төрт компания көрсөтүлгөн. 

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

Азим алардын биринде учурдагы уюштуруучулардын (учредитель) бири болсо, биринде уюштуруучулардын катарынан чыкканы жазылган.

Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз
Президент, кудасы жана кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар Азим Рой. Сүрөттүн таржымалын текшеребиз

ИИМдин атайын медалы менен сыйланган

2021-жылы Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чарада Рой Азим Ички иштер министрлигинин медалы менен сыйланган. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги дагы 2021-жылы Азимди калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоо жаатында жигердүү кызматташуусу үчүн аталган мекеменин ардак баракчасы менен сыйлаган.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров жана анын кудасы ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев кылмыш чөйрөсү менен байланышы бар делген Рой Азим менен 2021-жылы жолукканы чын. Ошол эле жылы ага мамлекеттик сыйлыктар дагы тапшырылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты