Tuz.kg сайты Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир тараптуу каралап, манипуляциянын ыкмаларын колдонгон

Tuz.kg сайты “Ким УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди мазактоону чечти жана мунун аягы эмне менен бүтөт?” деген баш тема менен материал жарыялады. 

Ал материалда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүн, көз карандысыз медиаларды бир тараптуу каралоо болгон. 

Tuz.kg сайты Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир тараптуу каралап, манипуляциянын ыкмаларын колдонгон

“ПолитКлиника” медиасы Tuz.kg сайтынын материалын анализдеп көрдү.

Tuz.kg сайты манипуляциянын ыкмаларын колдонуп, журналисттик этиканы бузган

Аталган сайт “Азаттык” медиасын бир тараптуу каралап манипуляциянын ыкмасын колдонгон.

 “Азаттык” сыяктуу маалымат каражаттарын мурдагы СССР өлкөлөрүнүн, атап айтканда, Кыргызстандын саясий институттарына кысым көрсөтүү үчүн колдонуп жатканын так түшүнүү керек. Жыйынтык мындай: бул басым АКШ расмий өкүлдөрүнүн пропагандалык билдирүүлөрүндө айтылгандай “жарандардын кызыкчылыгына” эмес, Борбордук Азия аймагын туруксуздаштырып, өздөрүнүн геосаясий милдеттерин чечүүгө багытталган”, — деп автор жеке пикирин факты катары көрсөтүүгө аракет кылган. 

Ошондой эле, “Кыргызстандын саясий институттарына кысым көрсөтүү”,  “Борбордук Азия аймагын туруксуздаштырып, өздөрүнүн геосаясий милдеттерин чечүүгө багытталган” билдирүүлөрүндө манипуляциянын дезинформация, калп жана каралоо ыкмаларын пайдаланылып, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинин бир канча беренелери бузулган.

  • дезинформация – маалыматты бурмалоо; 
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү;
  • каралоо — коомдук аң-сезимди манипуляциялоо үчүн көбүнчө каралоо ыкмасы колдонулат.

Бул бөлүгүндө эле Журналисттердин этикалык кодексинин эки беренеси бузулган:

  • 8-берене боюнча журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. 
  • Ал эми 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн.

“Жумушчу топтун курамына батыштык фонддор каржылаган жана идеологиялык жактан программаланган долбоорлордун алкагында иш алып барган, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаменти менен байланышы бар журналисттер жана уюмдардын өкүлдөрү киргени айтылат”, — деп манипуляциянын ярлыктарды илүү ыкмасы колдонулган.

  • Ярлыктарды илүү – коомдо калыптанып калган белгилүү ярлыктарды илүү. Мисалы, бул материалда “батыштык фонддор каржылаган” деген сөздү колдонушкан. 

Материалдын баш темасы Журналисттердин этикалык кодексинин эки беренесине каршы келет

Tuz.kg сайтынын “Ким УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди мазактоону чечти жана мунун аягы эмне менен бүтөт?” деген баш темасы Журналисттердин этикалык кодексинин эки беренесине каршы келет.

Бул материалдын  аталышы менен “Ким УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди мазактоону чечти жана мунун аягы эмне менен бүтөт?” деген суроо коюлган. Бирок текстин ичинде суроого жооп берилген эмес. Бул баш темада Камчыбек Ташиевдин атын атоо менен окурмандарды көңүлүн бурдурууга аракет кылган. 

Ошентип баш тема Журналисттердин этикалык кодексинин эки беренесин бузду.

  • 9-беренеде баш темаларды редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбей турганы жазылган. 
  • 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн.

Жыйынтыктоочу сөздө дагы бир тараптуу каралоо болгон

Материал жыйынтыкталып жатканда саясат таанучу Игорь Шестаковдун комментарийи кошулган.

“Азаттыктын” өкүлдөрү иш берүүчүлөрдүн позициясын айтышат, башка позицияны көрбөйбүз, укпайбыз деп. Бул учурда Sputnik өкүлдөрүн чакыруу логикалык жактан туура болмок”, — деген Игорь Шестаков. Мында бир тараптуу пикир айтылган. Бул Журналисттердин этикалык кодексинин 17-беренесине каршы келет.

  • 17-берене: каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. 

Жаңы мыйзам долбоору 

28-сентябрда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган

Долбоордун маалымкат негиздемесинде  учурда колдонулуп жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам “моралдык жактан эскирип”, азыркы коомчулуктун талабына дал келбей калганы айтылат.

Азыркы учурда колдонулуп жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Мыйзамга ошол учурдагы президент Аскар Акаев кол койгон. Мыйзам 27 беренеден туруп, өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү жана тартиптери тууралуу түшүнүктөрдү камтыйт.

“ПолитКлиника” өзүнүн анализинде ЖМК жөнүндөгү мыйзамды жаңылайбыз деп, Орусиянын андан да эски мыйзамын көчүрүп алганын аныктап чыккан эле. 

Tuz.kg сайтынын доменин текшерип көрсөк, Антон Колесниковго таандык экени көрсөтүлгөн. Ошону менен катар эле анда административдик байланышта Орусиянын Москва шаарындагы дарек, телефон номер жазылган. 

Tuz.kg сайты Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир тараптуу каралап, манипуляциянын ыкмаларын колдонгон

Жыйынтык: Tuz.kg сайты “Ким УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевди мазактоону чечти жана мунун аягы эмне менен бүтөт?” деген баш темадагы материалында манипуляциянын ыкмалары колдонулуп, Журналисттердин этикалык кодексинин беренелери бузулган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты