Туунун өзгөрүшүнө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

  • 4 месяца мурун

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди.

Мындай чечимди активисттин баш коргоо чарасын 15-июнда караган Ленин райондук соту кабыл алдв. Сот жараянынын жүрүшүндө адвокат Жоробековдун ишинде мыйзамсыз чакырыктарды экспертиза аныктабаганын жүйө кылып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды.

2023-жылы 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты