Туунун өзгөрүшүнө каршы чогулуш өтөрү айтылды
- 10 месяцев мурун
Туунун өзгөрүшүнө каршы чогулуш өтөрү айтылды. Бул тууралуу жарандык активист Афтандил Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чогулуш 9-декабрга белгиленген. Жоробеков Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге Максим Горький паркында саат 11:00дөн 13:00гө чейин чогулуш өтөрү тууралуу билдирме жөнөткөн.
29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.
Муну бөлүшүү