Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активистке сот өкүм чыгарды
- 2 года мурун
Бүгүн, 1-ноябрда Ленин райондук соту жарандык активист Автандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасында жазып чыкты.
Укук коргоочунун айтымында, сот Жоробековду Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) негизинде күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле бул чечим күчүнө киргенге чейин сот активисттин баш коргоо чарасын чет жакка кетпөө тилкатына өзгөрткөн.
Эске салсак, 2023-жылы 7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган.
2023-жылы 22-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон.
2023-жылы 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган.
Сүрөт: интернет булактары




