Туш келди таштанды таштагандар камералар аркылуу кармалууда

  • 2 месяца мурун

Муниципалдык инспекция тыюу салынган жерлерге таштанды таштап, камерага түшүп калган жарандарга айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматында, инспекторлор күн сайын таң эрте рейдке чыгып, орнотулган видеокамералар аркылуу таштандыны туура эмес жерге таштаган жарандарды аныктап жатышат.

Таштанды таштаган жарандар көбүнчө Курманжан Датка/Ереванская көчөлөрүнүн кесилишинде жана Аламүдүн базарынын айланасында,  Жибек-Жолу проспектисинде катталып жаткандыгы айтылды.

«Таштанды ыргыткан эки адам белгилүү болуп, алар «Укук бузуулар жөнүндө»  кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылып, экөөнө 5500 сомдон айып пул салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты