«Тоок мээ болбоңузчу». Президент журналистти мазактаган комментарий калтырган

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынан журналист Назгүл Мамытованы мазактаган комментарий жазылып, кайра өчүрүлгөн.

Жапаров 8-майда Дача-СУ учак кырсыгына байланыштуу иликтөөнүн жүрүшү тууралуу Фейсбукта билдирүү жазып, бул окуяны иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлөрүн билдирген. Билдирүүнүн алдына журналист, СДПК партиясынын мурдагы мүчөсү Назгүл Мамытова «Өч алуу менен эле алек болуудасыз! Айкөл болуңуз да майдаланбай! Дөөлөт иниңиз тууралуу айткан кебиңиз таптакыр туура эмес!» деген пикир калтырган.

Президенттин расмий аккаунтунан бул пикирге төмөндөгүдөй жооп жазылган:

«Акылыңызды байытыңызчы, Назгүл айым. Тоок мээ болбоңузчу. Өч алсам, сиз менен Атамбаевден алат элем го. Экөөңөрдү тең жакшы көрөм. Өч албайм. Соттор бүтсүн. Жакшылык кылам».

"Тоок мээ болбоңузчу". Президент журналистти мазактаган комментарий калтырган

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты