Президент Жапаров Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлөрүн билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Дача-СУ учак кырсыгына байланыштуу иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип, бул иш боюнча коомдук комиссия түзүү чечими кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы 8-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз», — деп жазган президент.

Ал окуяларга байланыштуу президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов менен байланышка чыгууга чакырды.

Бишкектин четинде, «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда мындан туура беш жыл мурун, 16-январда учак кыйраган.

Анда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.
2021-жылдын декабрь айында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты