Тоодо изделип жаткан аңчынын сөөгү табылды  

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоодон” изделип жаткан аңчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулар 50 жаштагы жарандын сөөгүн альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүштү.

27-ноябрь күнү Александр Браун жана Забунов Дмитрий аттуу эки киши «Кичи-Тоо» тоосуна аңчылыкка чыгышкан. Ошол күнү Дмитрий Забунов тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы маалымдалган.

Аталган аңчыны издөө ишине ӨКМдин 11 куткаруучусу тартылган. Анын жетөө — тоодо куткаруу ишин жүргүзүү максатында түзүлгөн «Эдельвейс» тобунун куткаруучулары.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты