Тоодо аңчыны издөө иштери улантылат

  • 1 год мурун

Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болгон жаранды издөө иши кайра улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылынан “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-жылы туулган Алекандр Браун жана 1972-жылы туулганДмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Александр Браун үйүнө кайтып келген. Ал эми Дмитрий Забунов текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:20да Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер жана туугандарынан 7 адам тартылып, караңгы киргенге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты