Толкун алып кеткен 4 жашар кызды издөө улантылууда

Бүгүн, 1-августта, эртең мененки саат 9 дан тартып наристени издөө иши улантылды.

Учурда издөө иштерин улантууга Балыкчы шаарынан 4 куткаруучу Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкты издешет, Ысык-Көл районунан 4 куткаруучу Тору-Айгырдан Чолпон-Ата шаарына чейинки аралыкты издешет, Тоң районунан 4 куткаруучу Бөкөнбаев айылынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкты издешет, Жети-Өгүзунан 7 куткаруучу Ак-Дөбө айылынан Боз-Бешик айылына чейинки аралыкты издешет, кошумча Чүй облустук башкармалыктан 12 куткаруучу Чырпыкты айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкты суучулдар суу алдын издөө иштерин жүргүзөт, 1 офицер дрон менен,  жалпы 32 куткаруучу тартылып издөө иштери уланууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жашар кызды толкун алып кеткен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты