Токтогулда жергиликтүү кеңеш депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиев кармалды
- 4 дня мурун
- Видео
Массалык башаламандыкка шектелип, Жалал-Абаддагы убактылуу абак жайына камалган Токтогул шаардык кеңешине “Эркин эл саясий партиясынан талапкер Болотбек Дүйшөналиев 1-ноябрда түнкү саат 2де медициналык текшерүүдөн өткөрүп, таңкы саат 4тө өзүн камап коюшканын билдирди.
Ошондой эле өзүнүн камалышына Жогорку Кеңештин депутаты да кийлигишкенин жана бул иште коррупция бар экендигин айтты.
Талапкер Болотбек Дүйшөналиев президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.
“Менин сиздерге кайрылуу себебим – Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы жогору жактан түздөн-түз буйрук алып, мени мыйзамсыз камакка алды” деп билдирди ал.
Бул саясий куугунтук экендигин, тергөөнүн ишине кийлигишүүлөр болуп жатканын, тергөөчүлөргө басым болуп жатканын айтты.
“Азыркы учурда Токтогул шаардык кеңешине талапкерлигимди коюп, үгүт иштерин жүргүзүп жаткан маалда камакка алынганымды шайлоодо атаандаштардын атаандашууга жөндөмсүз кылуу аракеттери деп кабыл алдым” деди.
Болотбек Дүйшөналиев ага массалык башаламандык беренеси боюнча айып тагып жатканын билдирди.
Ал Токтогул шаардык кеңешинин мурунку чакырылышын депутаты, жергиликтүү көйгөйлөрдү көтөрүп, социалдык тармактарга жарыялап келген.
Сүрөт: Видеодон алынды