Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев эки айга камакка алынды

  • 1 год мурун

“Яндекс” таксинин кеңсесине кол салууга шектелип кармалган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев 6-майга чейин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин «Ээнбаштык» беренеси боюнча айыпталууда.

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганы жазылган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар “Яндекс” таксинин Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Кеңседе жана имаратта орнотулган жарнама баннерлерди айрып тытып, зомбулук көрсөтүшкөн.

Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Кайрат Чокеев шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылган.

Эске салсак, 2021-жылы “ПолитКлиника” медиасы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон окуяга Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин жакын адамдары катышканын аныктап чыккан. Алардын катарында Кайрат Чокеев болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты