Тимур Султанов, адвокат: ИИМде бир нече журналисттин иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат

  • 6 месяцев мурун

Сапар Акунбековдун адвокаты Тимур Султанов бир катар журналисттерге жапырт башаламандыкка чакырык боюнча Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

-Журналист Сапар Акунбековго адвокат болдум. Журналисттерге жапырт башаламдыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголуп жатат. Азырынча баары күбө катары өтүүдө, -деп билдирди Тимур Султанов.

Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалагына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.

Милиция “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты