ТИМ “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктады

  • 1 неделя мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктады.

Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат.

Ооганстан Ислам Эмиратынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз бийлигинин «Талибан» кыймылын Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин кубаттаганы расмий сайтында кабарланган.

Расмий сайттагы маалыматта «Кыргызстандын жасаган кадамы Ооганстан Ислам Эмиратын аймактык жана эл аралык деңгээлде саясий таануунун өсүп баратканын билдирет жана Ооганстан Ислам Эмираты менен башка мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу тоскоолдуктарды жок кылат» деп айтылган.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты