ТИМ: Дубайда дайынсыз жоголгон кыз табылды
- 2 недели мурун
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мындан бир жума мурун Дубайда дайынсыз жоголгон кыздын табылганын билдирди.
«Мурда Дубай шаарында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын А.Б. аттуу жаранынын жүргөн жери аныкталды жана аткарылган иштердин натыйжасында ал туугандарына аман-эсен кайтып келди»,- деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Аталган министрлик кыздын каяктан табылганы жана эмне себептен байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу кенен маалымат берген жок.
Эске салсак, 25-октябрда ТИМ Дубайда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголуп жаткандыгы тууралуу маалымат берген. Маалыматка ылайык, кыздын жакындары ал акыркы жолу Дубайдагы аэропортто болгонун, ал учуп кетүүгө камынып жатканын айтышкан. Бирок Башкы консулдуктун кызматкерлери ал жакка барып, кызды таба алышкан эмес.
Сүрөт: интернет булактары