ТИМ: Чет өлкөлөрдө кыйын кырдаалда калган 22 кыргызстандыкка кайтууга көмөк көрсөтүлдү

  • 3 дня мурун

Сентябрь айында Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 22 жаранына мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ мындан тышкары 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта аткарылган бир катар иштерди белгиледи.

Кызматкерлер Екатеринбург, Казань жана Стамбул шаарларында жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга барышты;  

Гусиноозерск, Пермь, Саянск, Улан-Удэ, Якутск, ошондой эле Дунгуань (Кытай) и Рас-эль-Хайм (БАЭ) шаарларында жайгашкан тогуз түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 23 жараны менен жолугушуулар өткөрүлдү;

Казакстан жана Россиянын тергөө изоляторлорунда кылмыш иштери боюнча кармалган Кыргыз Республикасынын үч жараны менен жолугушуулар болуп өттү;

консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Россиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча 12 сот отурумуна катышты;

Кыргыз Республикасынын 18 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу, алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;

Кыргызстандын үч жаранга кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө, алардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;

Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын 1 072 000 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди;

чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 10 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоого көмөк көрсөтүлдү;

Таиланд, Албания, Черногория менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууларга, ошондой эле Кипр менен дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашууга кол коюу иш-чарасы иштелип чыкты.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты