ТЭЦ-2нин аймагындагы жер тилкелерине мамлекеттик күбөлүк бериле баштады

  • 2 года мурун

Бишкектин четиндеги «ТЭЦ-2» конушунун 20 тургунуна жер тилкелери үчүн мамлекеттик күбөлүк берилди. Бул тууралуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы 12 акт тапшырууга даярдалып жатат. Жер тилкесине күбөлүк алуу үчүн аталган аймактын тургундарынан кошумча 60 арыз түшкөн. Маалыматта бул жаатта иш активдүү жүрүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2нин аймагында өз алдынча турак жай куруп алган тургундардын маселесин чечүү үчүн жер тилкелерин трансформациялоо чечими кабыл алынган.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты