Провокациялык каналдын калпы: “Кыргыздар өздөрү үйлөрүн өрттөп жатышат”

Телеграм каналдарда, Тажикстандын чек ара кызматынын билдирүүсү таратылып жатат. Анда, кыргызстандыктар үйлөрдү өздөрү өрттөп, провокация кылып жаткандыгы жазылат.

“ПолитКлиника” бул маалыматты текшерди.

Биринчиден, Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматты бурмалашкан 

Бул билдирүү провокациялык Телеграм каналдардын биринде, 17-сентябрь саат 03:30да чыккан. 

Провокациялык каналдын калпы: “Кыргыздар өздөрү үйлөрүн өрттөп жатышат”

“Кыргызстандын жарандары үйлөрүн өрттөй башташты — бул атайылап жасалган провокация, деп билдирди Тажикстандын чек ара кызматы” — деп айтылат билдирүүдө. 

Бирок, 17-сентябрь саат 02:30да Кыргызстандын чек ара кызматы, “Тажикстандын жарандары үйлөрүн өрттөй башташты – бул атайылап жасалган провокация, деп билдирди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы”, — деген билдирүү чыккан. Башкача айтканда, провокациялык каналдын автору Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматын көчүрүп алган.

Андан ары, “Ок атышпоо учурунда Богдари айылында Кыргызстан тараптын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаган. 

Мындай аракеттер тажик тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат”, -деп билдирет Таджикстандын чек ара кызматы” деп айтылат билдирүүдө.

Бирок, 17-сентябрь саат 02:30да Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматта, “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы тажик тараптан ок атышпоо учурунда Богдари айылында Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаганын белгилейт.

Тажикстан Республикасынын жарандарынын мындай аракеттери кыргыз тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат”, — деп айтылат. Демек, бул жерде дагы текстти көчүрүп алышкан. 

Провокациялык каналдын калпы: “Кыргыздар өздөрү үйлөрүн өрттөп жатышат”

Кыргызстандын чек ара кызматы

Экинчиден, Богдари (Богдори) — Таджикстандын региону. 

Провокациялык каналдын калпы: “Кыргыздар өздөрү үйлөрүн өрттөп жатышат”

Үчүнчүдөн, буга чейин кээ бир тажик Телеграм каналдары, кыргыз айылдарын басып алып, үйлөрдү өрттөп, тоноп жаткандыгын мактанып таратышкан эле.

16-сентябрь күнү, “ПолитКлиника” бул видеолорду текшерип, Кыргызстандын “Ак-Сай”, “Максат” айылдары экендигин аныктаган. Жана бул таратылып жатканда видеолордо тажикче сүйлөп жаткандарын көрүүгө болот. 

Провокациялык каналдын калпы: “Кыргыздар өздөрү үйлөрүн өрттөп жатышат”
16-сентябрь тараган видео. Кыргызстандын «Ак-Сай» айылы
16-сентябрь тараган видео. Кыргызстандын «Максат» айылы

Төртүнчүдөн, Таджикстандын чек ара кызматы мындай маалыматты расмий түрдө тараткан эмес. 

Жыйынтык: Телеграм каналдарда таратылып жаткан “кыргыздар өзүлөрү үйлөрүн өрттөп жатышат” деген маалымат калп. Тескерисинче, Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй башташкан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты