Тажикстандан бир фейк. Кыргызстандын расмий маалыматын бурмалап берип жатат

Фейсбуктун Замониддини Зайниддини Насриддин аттуу колдонуучусу маалыматтарды бурмалап, провокациялык сүрөт видеолорду бөлүшүп жатканын окурмандар кабарлады. “ПолитКлиника” бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Замониддини Зайниддини Насриддин өзүн — окуу иштери боюнча проректору — Тажикстандын тоо-металлургиялык институтунун ректорунун биринчи орун басары катары көрсөткөн. 

Анын алгачкы согуштук публикациясы 16-сентябрь саат 11:04тө жарыяланган. Анда аскердик формачан балдардын сүрөтүн чыгарып, “Тажикстандын тоо-металлургиялык институтунун граждандык коргонуу штабы толук даяр!” деп жазган. 

Тажикстандан бир фейк. Кыргызстандын расмий маалыматын бурмалап берип жатат

Бул сүрөт, институттун студенттерин Баткендеги Тажикстандын агрессиясын колдоого алып барганынын далили. 

“ПолитКлиника” буга чейин Тажикстан тирүү калкан катары жай тургундарды пайдаланып жаткандыгын аныктаган эле. 

Кыргызстандын расмий маалыматтарын көчүрүп алып, бурмалаган

Аталган колдонуучу Кыргызстан тараткан расмий маалыматты бурмалап берген:

Согди облусунун Исфара, Канибадам жана Бустона шаарларынын балдар ооруканаларында кыргызстандык аскерлердин кол салууларынан жабыркаган ондогон балдар жана өспүрүмдөр жаткырылган. Жети балага операция жасалган. Эң кичүүсү бир жарым жашта”, деп жазылат. Ал бул билдирүүсүн булагы белгисиз сүрөт менен саат 12:34тө жарыялаган.

Бирок, ага чейин саат 10:59да Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган сегиз жабырлануучу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткандыгы билдирилген. Бул тууралуу журналисттерге аталган борбордун директору Гүлзат Маймерова билдирген эле. 

Анын айтымында, алты жабырлануучуга түнкүсүн операция жасалган. Бейтаптардын эң кичүүсү тогуз айлык. «Бир жарым жаштагы бала октон жараат алды, операция жасалды. Бүгүнкү күндө жабыркагандардын абалы туруктуу, оң тенденция байкалууда», — деген ал.

Демек, Замониддини Зайниддини Насриддин Кыргызстандын расмий маалыматын бурмалап, эч бир булакка шилтемеси жок маалыматты тараткан.

Мындан сырткары, жарандыгы белгисиз болгон, октон мерт кеткен жарандардын сүрөтүн бөлүшүп, жалган маалымат таратууда. 

Дагы бир публикациясында, Кыргызстандын УКМКсы тараткан маалыматты “Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ачыктан-ачык калптары бүткүл аймактагы жаңылыктардын булагы болуп калды

Камчыбек Ташиев жетектеген УКМКнын Чек ара кызматы кийин кыргыз тарапты күнөөлөш үчүн Тажикстандын жарандары үйлөрүн өздөрү өрттөдү деген жалган маалымат таратып жатат”, — деп жазган. 

Бирок, “ПолитКлиника” буга чейин фактчекинг жасап, тажик каналдары жалган маалымат таратып жаткандыгын аныктаган эле. 

УКМК өз билдирүүсүндө “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы тажик тараптан ок атышпоо учурунда Богдари айылында Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй баштаганын белгилейт.

Тажикстан Республикасынын жарандарынын мындай аракеттери кыргыз тарапты мындан ары алардын үйлөрүн талкалады деп айыптоо максатында атайын жасалган провокация болуп саналат”, — деп айткан эле. УКМК бул маалыматты 17-сентябрь күнү түнкү саат 02:30да таратат.

Ал эми тажик пабликтери бул маалыматты бурмалап, 17-сентябрь саат 03:30да тарата башташкан эле. Аталган фактчекинг материалын шилтеме менен окусаңыздар болот. Шилтеме: https://pk.kg/news/inner/provokaciyalyk-kanaldyn-kalpy-kyrgyzdar-zd-r-jl-r-n-rtt-p-zhatyshat/ 

Тажикстандан бир фейк. Кыргызстандын расмий маалыматын бурмалап берип жатат

Ал эми “ПолитКлиника” өз иликтөөсүндө тажик айылдары өз үйлөрүн өрттөп баштаганын “НАСА” спутниги менен далилдеген. 

Жыйынтык: Фейсбуктагы бул аккаунт кыргыз расмий органдарынын маалыматын бурмалап, дизинформация менен алектенген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты