Тажикстан маймыл чечегине байланыштуу көзөмөлдү күчөттү
- 2 года мурун
Тажикстан маймыл чечегинин өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу максатында чек ара бекеттериндеги көзөмөлдү күчөттү.
Бул тууралуу 27-июлда өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министри Жамолиддин Абдуллозода билдирди.
Анын айтымында, маймыл чечеги аныкталган өлкөлөрдөн келген адамдардын дене табы өлчөнүүдө. Министр мекемеде бул ооруну аныктоо боюнча тесттер да бар экенин кошумчалады.
23-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечеги боюнча абалды «саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал» деп жарыялаган. Гебрейесус ДССУ ич ара муну өзгөчө кырдаал деп жарыялоо боюнча бир чечимге келе албай койгондуктан, өзү жеке чечим кабыл алганын кошумчалаган.
Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо — бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө багытталат.
ДССУнун соңку маалыматына караганда, май айынан бери бул ооруну 70тей мамлекеттен 16 миңдей киши жуктуруп алган.
Маймыл чечеги кадимки чечектин (натуральная оспа) бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.
Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар да бар.