Тажибек кызы кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалга алты айыпталуучунун тиешеси жок экенин айтты

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму уланууда.

Сот отурумунда айыпталуучулардын бири, «Темиров Лайв», «Айт Айт Десе» долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалга алты айыпталуучунун тиешеси жок экенин айтты.

Кылмыш ишин козгоого түрткү болгон видеого Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Жумабек Турдалиев, Максат Тажибек уулунун тиешеси жок. Себеби, алар видео чыккан убакыттан 1-2 жыл мурун жумуштан кеткен”, — деди Тажибек кызы.

Журналисттердин иши боюнча мурунку сот отуруму 28-июнда болгон. Анда айыпталуучулар коюлган күнөөлөр далилденбегенин айтышкан.

Алар — Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, азыр «Нур Пресс» маалымат борборунда иштеген Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өмүрлүк жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. Учурда 11 журналисттин төртөө – “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты