Тазабек Икрамов: «Өз каалоом менен мандатымды тапшырдым»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-июнда, Тазабек Икрамов депутаттык мандатынан ажыратылышы боюнча комментарий берди. Ал мандатты өз каалоосу менен тапшырганын Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу мекендештер! Кадырлуу шайлоочуларым!

Кудайдын буйругу экен, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен, таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп, шайлап берген N13- Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да, жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт! Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм»,- деди Икрамов.

Кечээ, 19-июлда, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыраткан. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Парламентте “Элдик” депутаттык тобунун жана транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка  алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты