Ташкентте көңүлдөшүнүн 11 жаштагы кызын зордуктаган киши кармалды

  • 2 недели мурун

Ташкентте көңүлдөшүнүн 11 жаштагы кызын бир нече жолу зордуктаган 31 жаштагы блогер кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Социалдык коргоо агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, блогер төгүндөлбөс далилдер менен кармалып, ага каршы кылмыш иши козголду.

Билдирүүдө окуя Ташкенттин кайсы районунда жана качан болгону жазылган эмес.

Мекемеден кармалган адамдын мыйзамдуу никедеги аялы жана беш баласы бар экенин билдиришти. Зордуктоого кабылган кыз блогер менен бирге жашаган, бирок башка эркек менен никеси бар аялдын кызы.

Учурда Социалдык коргоо агенттиги кызга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты