Ташиев зордук-зомбулук көргөн аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды

  • 7 месяцев мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев зордук-зомбулук көргөн аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду.

Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыныздар.

Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз», — деп жазды Ташиев.

2-январда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин каза болду. Анын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Баткен ОИИБи аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты