Ташиев Москвадагы кол салууга байланыштуу пикирин билдирди

  • 4 месяца мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москвадагы кол салууга байланыштуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ал Кыргызстан «Крокус Сити Холлдогу» окуяга терең кайгыруусун билдирерин жазды. Ташиев террорчулардын улуту болбой турганын билдирди. «Улуттук касчылыкты козуткусу келген террорчул уюмдарга жетеленип бүтүндөй бир улутту айыптоого, Орусиядагы мигранттарга каршы маанайдын түзүлүшүнө жол берилбеши керек. Өзүм тараптан Тажикстандын атайын кызматынын чынчыл экенин белгилеп кетейин. Алардын террористтик жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөшү тынымсыз уланып жатат. Азгыргандардын таасирине бардык эле өлкөнүн жарандары кабылып калышы ыктымал эле. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын жөн жерден тандап алган жок. Достук мамиледеги мамлекеттердин атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери “псевдоисламчылардын” кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенем”, — деди Ташиев.

“Крокус Сити Холлго” куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты