Ташиев: “Мадумаровду мен эмес, ал мени “көрсөтөм” деп коркуткан. Текшеребиз

Ташиев: “Мадумаровду мен эмес, ал мени “көрсөтөм” деп коркуткан. Текшеребиз

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Новые лица” порталына маек берди. Анда Ташвиевге депутат Адахан Мадумаровду “колун сындырам” деп коркутканы боюнча суроо берилген. Ташиев Мадумаров аны көздөй кол булгалап коркутканын айткан. “Аны мен эмес, ал мени көздөй колун булгалап коркуткан. Анын коркутуп-үркүтүүлөрүн элдин баары укпаса керек, анткени анын микрофону өчүк, меники күйүк болгон, ал башка депутаттарга көңүл бурбай, “көрсөтөм” деп мени коркуткан”, — дейт ал. 

Ташиев: “Мадумаровду мен эмес, ал мени “көрсөтөм” деп коркуткан. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Окуянын чоо-жайы

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайым айтышкан. 

Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду «атайын кызматтын кызматкерлери тууралуу туура эмес маалымат таратып жатат» деп айыптаган. «Парламент трубунасынан айтылып жатат. «УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат» деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, өзүнүн жеке саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз”, — деген Ташиев. Депутат Мадумаров отурган ордунан “далил менен сүйлө” деп талап кылган. Андан кийин дагы кайым айтышуу уланган.

Коркутуу ким тарабынан башталган?

Адахан Мадумаров кайым айтышуудан кийин сөз сүйлөө үчүн убакыт сураган. Ал учурда Камчыбек Ташиев “тилим бар деп сүйлөй бербестен азыраак сүйлөш керек” деп айткан. Мадумаров колун көтөрүп сүйлөп жатканда, Ташиев “колуңду кесебегин, колуңду сындырып коём” деген. “Депутаттар макулдук бербей камалбай калдың, мен башкы прокурор болгондо мурда эле камалмаксың”, — деди Ташиев.

Ал учурда Мадумаровдун микрофону өчүк болуп, ал “жакында көрсөтөм аз калды” деп айткан.

“Бул кишинин көрсөтөм дегенинде жөн бар. Себеби бизде толук оперативдүү маалыматтар бар. Булар мамлекетте чаң-тополоң уюштуруп туруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Мен айтып койсом, мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бир туугандарыңыз, ошол эле Абдысатар жана башкалар чогулуп алып, “жакында Адахан акебиз бийликке келет, биз буларга көрсөтөбүз” дегендер боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Жакында бир тууганыңызды камасак, дагы кыйкырып чыгасыз. Сиз көрсөтө албайсыз. Сиз көрсөтө турган адамдар өтүп кеткен”, — деген Ташиев. Мадумаров Ташиев сөздү бурмалап жатканын билдирген. Кайым айтышуунун жүрүшү видеодон көрсөк, коркутуу алгач Ташиев тараптан башталган.

Жыйынтык: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Новый лица” порталына берген маегинде ал Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров аны биринчи коркутуп сүйлөгөн деп айтканы чындыкка дал келбейт. Ташиев Мадумаров “жакында көрсөтөм аз калды” дегенге чейин “колуңду сындырам” деп айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты