«Талибандын» ТИМи Кыргызстандын «талибдерди» тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарганын жактырды

  • 2 недели мурун

Ооганстан Ислам Эмиратынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз бийлигинин «Талибан» кыймылын Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин кубаттады. Бул тууралуу Ооганстан Ислам Эмиратынын расмий сайтында кабарланды.

Расмий сайттагы маалыматта: «Кыргызстандын жасаган кадамы Ооганстан Ислам Эмиратын аймактык жана эл аралык деңгээлде саясий таануунун өсүп баратканын билдирет жана Ооганстан Ислам Эмираты менен башка мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу тоскоолдуктарды жок кылат»,- деп айтылган.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий бере элек.

Кошумчалай кетсек, Казакстан 3-июнда «Талибан» кыймылы өлкөнүн террордук уюмдар тизмесинен чыгарган.

Ооганстанды 1996-2001-жыдары башкарган «Талибан» бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алып, Ооганстан Ислам Эмираты негизделгенин жарыялашкан.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын 6-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты