«Талибан» Тажикстандын жүк ташуучу унааларын чек арадан өткөрбөй жатат

  • 2 года мурун

«Талибан» кыймылы Тажикстандын номурлары тагылган жүк ташуучу унааларды ооган-тажик чек арасындагы «Шерхан-Бандар» өткөрмө бекетинен өткөрбөй жатат.

Талибдердин расмий өкүлү Забиуллах Мужахид аталган бекет Душанбенин Ооганстандагы жаңы бийликке карата келишпес позициясынан улам жабылганын билдирди.

«Биз алардын өздөрүнө жараша мамиле кылуудабыз: Тажикстандын бийлиги ооган жарандарына чек арадан өтүп, өз аймагына келүүгө уруксат бербей жатат. Макулдашууга келип, ортодо ишенимдүү мамилелер орномоюнча «Шерхан-Бандар» өткөрмө бекети жабык болот» деди Мужахид.

Тажикстандын аймагына өтө албай турган Дилшод аттуу айдоочу талибдер 8-майдан бери тажик айдоочуларынын чек арадан өтүүсүнө уруксат бербей жатышканын айтты. 7-майда Тажикстандын атайын кызматы Ооганстандын Ходжагор провинциясындагы «Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» тобунун ортосундагы атышуу маалында «октор кокустан Тажикстандын аймагына тийгенин» кабарлаган.

«Анда биз өткөрмө бекет коопсуздук максатында жабылган го деп ойлогонбуз. Бирок андай эмес экен, талибдер бизге автоунаасыз Тажикстанга өтүүбүзгө уруксат беришти. Бир нече күндөн кийин болжол менен 50гө жакын айдоочу унааларыбызды алып келели деп кайра Ооганстанга бардык. Бирок талибдер чек арадан өткөрбөй, бир жумадан бери автоунааларда уктоого аргасыз болуп жатабыз» деди ал.

«Шерхан-Бандар» чек ара бекети аркылуу Тажикстандан Ооганстанга цемент менен көмүр, Ооганстандан Тажикстанга кумшекер жана айыл чарба азыктары ташылат. Мындан тышкары бул каттамды Ирандан Борбор Азия өлкөлөрүнө товар ташыган жүк унаалары да колдонот.

Тажикстандын Бажы кызматы ооган-тажик чек арасындагы «Шерхан-Бандар» өткөрмө бекети жабылганын расмий түрдө билдирген эмес. Өткөн жуманын аягында мекеменин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери аталган бекет «убактылуу жабылганын» ырастаган.

Талибдер Ооганстанда бийликти 2021-жылы августта басып алышкан. Андан бери алар түзгөн өкмөттү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек. Тажикстандын бийлиги Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүлүп, анын курамына өлкө калкынын 46% түзгөн тажиктер да кириши керектигин айтып келет.

7-майда ооган тараптан Тажикстандын аймагына бир нече жолу ракеталык сокку жасалып, ок атылган. Бул окуядан кийин тажик чек арачылары толук аскердик даярдык абалына келтирилген.

Тажикстандын аймагына ракеталык сокку жасоо үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети-Хорасан» тобунун жоочулары өздөрүнө алышкан. Айрым талдоочулар бул кол салуу «Талибандын» макулдугу менен тажик бийлигин сөзгө келтирүү максатында жасалган деп эсептешүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты