Талапкерлердин биринин үгүтчүлөрү шайлоочуларга пара берүүгө шектелүүдө

Бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарында бир мандаттуу Ленин шайлоо округуна депутат шайлоонун жүрүшүндө талапкер Эртай Искаков дагы бир талапкер – Дамира Ниязалиеванын үгүтчүлөрү акча таратуу менен кармалганын билдирди.

Эртай Искаковдун билдиргени боюнча, “Ак-Босого” жаңы конушунун “Алтынай” кафесинде үч үгүтчү 19 500 сом менен кармалган. Ал жакта Ленин райондук милиция иштеген.  

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталганы боюнча аталган ИИБден БШКга билдирүү түшкөнөн жана текшерүү иштери жүрүп жатканын БШК маалымдады.

No 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 28-майда саат 10:00 гө карата 2007 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 1,61%.

Бүгүн, 28-майда, саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда  шайлоодо добуш берүү башталды.

БШКнын маалыматы боюнча, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын  шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын саны 124 908 миналардын ичинде 54 678 эркек,  70 230 аял, башкача айтканда 43,77% жана  56,23%.

Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинде 24 эркек, 5 аял. Алардын үчөө – Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.
Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:
— 1255 же 119 телефондору аркылуу;

— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз); — https://tizme.gov.kg/  сайтынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты