Таабалды Тиллаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Таабалды Тиллаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн Тиллаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев эмгек жамаатына тааныштырды.

Таабалды Тиллаев эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы «Датка» жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.

«КыргызНефтьПром», «ГлавНефтеГаз» ишканаларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты