Түркиянын виза режими Тажикстандын экономикасына сокку урууда

Түркия быйыл апрелде Тажикстандын жарандары үчүн виза режимин киргизгенден кийин эки өлкөнүн ортосундагы соода солгундаганы байкалууда.

Тажикстандык ишкерлердин айтымында, түрк визасын алуу үчүн орточо эки айга чейин убакыт кетет. Мындан улам соодагерлердин көбү башка өлкөлөрдөн товар ташууга өтүүдө.

Буга чейин Түркиядан гана товар алып келип иштеген Саидакбар аттуу ишкер виза режиминен улам Кытайдан жана Өзбекстандан товар ташый баштаганын билдирүүдө.

Расул Холиков аттуу тажикстандык соодагер учурда Түркиянын визасын күтүүдө. Ал тиешелүү документтерди топтоо үчүн Нурек шаарынан Душанбеге алты жолу барууга туура келгенин айтууда.

«Эми ушунчалык мээнет кылгандан кийин виза алам деп үмүттөнүп жатам» деди ал.

Анкара тажик жарандары үчүн виза режимин жойгондон кийин Түркиянын Душанбедеги элчилигинин алдында жаралган узун кезек кадыресе көрүнүшкө айланды.

Тажикстандын жарандары үчүн түрк визасынын баасы 60-190 долларды түзөт. Мындан улам Түркияга барууну каалагандар (негизинен соодагерлер) кошумча чыгымга учурап жатышат.

Түркия бийлиги Тажикстандын жарандары үчүн виза режимин быйыл апрель айында киргизген. Анкара бүгүнкү күнгө чейин бул чечиминин себептерин түшүндүрбөй келет. Айрымдар аны Орусиядагы «Коркус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка жана тажик жарандарынын Стамбулдагы чиркөөгө кол салганына байланыштырып жатышат.

Тажикстандын тышкы соодасындагы товар алмашуунүн көлөмү жагынан Түркия 14-орунда турат. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 363 миллион долларга жеткен. Виза режиминин жоюлганына байланыштуу быйыл бул көрсөткүч кыйла төмөн болот деп күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты