Түркияда өрт өчүрүүдө жабыркаган тик учактагылардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөндү

  • 4 недели мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы Ми-8МТВ-1 тик учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнү аяктады.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өндүрүштөгү кырсыкка байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча каза болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө ар бирине 5 102 246 сомдон бир жолку жөлөкпул түрүндө компенсация төлөнүп берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун жалпы суммасы 10 млн сомдон ашты.

Түркияда, Измирге жакын Мендерес районунда “Транс Караван Кейджи” ЖЧКсы менен эки айга келишим түзүп, кыргызстандык жумушчулар өрттү өчүрүүгө катышып, кырсыкка кабылган. Кыргызстандын үч жаранынын экөө каза болду, үчүнчүсү түркиялык болгон. Түркияда өрт өчүрүүгө катышкан тик учактын кулашынан кыргызстандык Э.И. аттуу жаран аман калган. Анын абалы туруктуу деп айтылган, бирок көптөгөн жерлери жабыркаган. Каза тапкан кыргызстандыктар О.О. жана Я.Л.нын сөөгү табылганы кабарланган.

2023-жылы 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны экени маалымдалган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты