Түркия менен Сирияда жер титирөөдө каза болгондордун саны 7200дөн ашты
- 2 года мурун
Түркия менен Сирияда жер титирөөдө каза болгондордун саны 7200дөн ашты. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Түркияда каза болгондордун саны 5434кө жетип, 32 миңден ашууну жарадар болгон. Жер титирөөнүн кесепетинен 6 миңге жакын имарат, анын ичинде көп кабаттуу үйлөр урап калган.
6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.
Муну бөлүшүү