Төө ашууда жол тыгыны жөнгө салынууда

  • 6 часов мурун

Бишкек – Ош унаа жолунун 126-137-чакырым аралыктарында төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгон.

Тартылган күчтөрдүн жардамында оор жүк ташуучу унаалар жолдун четине жылдырылып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлө баштады.

Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, күйүүчү майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

«Арал» жана «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат.

Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө.»

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты