Свердлов райондук сотунда акын, активист Аскат Жетигендин ишин кароо уланууда

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын, активист Аскат Жетигендин ишин кароо уланууда.

Буга чейинки соттук отурум 23-майда өткөн. Анда айыпталуучу Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын билдирген.

Ал «20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу» деген жана бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

Ошол эле күнү Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында камакта отурган Аскат Жетигенге бул мекемеде күч колдонуу болбогонун билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарга комментарий берген эмес.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу») менен козголгон.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” деп аталган ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты