Сузак шайлоо округу: БШК Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты

  • 1 неделя мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты.  

Бул тууралуу БШК билдирди.  

Алтынбек Кылычбаев шайлоочулардын 10 174 же 48.32% добушун алган.

Алтынбек Кылычбаев 1977-жылы туулган. “Жалал-Абад” санаторийинин директорунун орун басары болуп иштейт.  

БШК шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарында да Алтынбек Кылычбаевди алдыга озуп чыкканын билдирген.

Шайлоодо 81 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоо тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.

15 талапкер катталып, шайлоого 7 талапкер катышкан.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрдагы протоколу боюнча, 22-сентябрдагы шайлоого 21 057 шайлоочу катышты, ал шайлоо тизмесине кирген шайлоочулардын   16.92% түздү.

Талапкерлер алган добуштардын саны:

1. Бегматов Бейшенбек – 212 добуш (1.01%);

2. Кылычбаев Алтынбек – 10 174 добуш (48.32%);

3. Лилиенталь Юлия – 749 добуш (3.56%);

4. Кошалиев Мелисбек – 2 435 добуш (11.56%);

5. Сейдахматов Жыргалбек – 2 493 добуш (11.84%);

6. Сапарбаев Медербек   3 280 добуш (15.58%);

7. Арапбаев Асилбек– 1 351 добуш (6.42%);

 8. Баарына каршы- 134 шайлоочу (0.64%).

Борбордук шайлоо комиссиясы Сузак шайлоо округу боюнча шайланган депутат катары Алтынбек Кылычбаевди жеңүүчү деп тапты.  

22-сентябрда №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты