Сузак округу: Тазабек Икрамовдун ордуна талапкерлерди каттоо аяктады
- 3 недели мурун
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы БШК) билдирди.
БШКнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер, анын ичинде 2 аял каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.
15 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана бир талапкерди каттоодон баш тартылган
Талапкер катары катталгандар: Кылычбаев Алтынбек “Жалал-Абад санаторийинин директорунун орун басары, Сейдахматов Жыргалбек — Сузак районунун Багыш айыл кеңешинин төрагасы, Сапарбаев Медербек — жеке ишкер, Максутов Манас — жеке ишкер, Бегматов Бейшенбек — жеке ишкер, Кошалиев Мелисбек – жеке ишкер, Юлия Лилиенталь — “Эгамберди Хаджи” фондунун директору, Асилбек Арапбаев — Багыш айыл өкмөтүнө караштуу «Багыш Достук» муниципалдык ишканасынын жетекчиси, Камбарова Гүлмира, убактылуу иштебейт.
Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.
Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген. Ал журналисттердин үйүн тинтүү, суракка алуу сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизээрин билдирген.