Сузак округу: Алдын ала жыйынтык боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты         

  • 2 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.  

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Маалыматта айтылгандай, саат 20:40 карата 81  шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөөчү урналарынан маалыматтар 100% келип түштү. АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Добуш берүүнүн акыркы натыйжалары жана шайлоонун жыйынтыгы учурда бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлүп жаткан добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.

Шайлоочулардын жалпы саны  — 124 429. Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны – 21057 же  16,92%.

Талапкерлер алган добуштардын саны:

  1. Бегматов Бейшенбек  — 212 добуш же 1.01% ;
  2. Кылычбаев Алтынбек — 10 174 добуш же  48,32%;
  3. Лилиенталь Юлия – 749 же 3,56%;
  4. Кошалиев Мелисбек – 2435 же 11,56%;
  5. Сейдахматов Жыргалбек — 2493 же 11,84%;
  6. Сапарбаев Медербек – 3280 же 15,58%;
  7. Арапбаев Асилбек – 1351 же 6,42%;
  8. Баарына каршы – 134 же 0,64%.

Бүгүн, 22-сентябрда, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.

Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты