Султанбай Айжигитов: “Милдеттүү түрдө камсыздандыруу бул бирөөнүн эле бизнеси»

  • 5 дней мурун

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде кечээ, 7-октябрда, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзам долбоорлору каралды.

Депутат Султанбай Айжигитов жарандар милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүгө даяр эместигин белгилеп, тарифтери так аныкталган вертикалдуу камсыздандыруу системасына өтүү керектигин кошумчалады.

-Милдеттүү түрдө камсыздандыруу системасы бул бирөөнүн эле бизнеси. Булардын бизнеси жүрбөй калса, “милдеттүү” деп ошолорго жардам берип жатасыңар. Жөнөкөй кишинин эч кандай кызыкчылыгы бул жерде жок. Ошол жагын караштырып койгула. Милдеттүү түрдө киргизе турган камсыздандыруу элди нааразылык кылат. Бул жерде реалдуулук да, акыйкаттуулук да, эч кандай учет жок. Так тарифтер болушу керек. Силер тегерете коррупцияга жол ачып берип жатасыңар. Милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизгенге азыр даярдык жок.  Жөнөкөй адамга пайдасы жок, бизнеске гана пайдасы бар. Ошондуктан мунун баарын жакшылап ойлонуп көргүлө, бул нааразычылыкка гана алып келиши мүмкүн, -деди Султанбай Айжигитов.

Кечээ, 7-октябрда, Жогорку Кеңештин ююджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты