Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз

Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда иш сапары менен Катарга барды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 19-декабрда мамлекет башчысы Катарга лизингге алуу үчүн каралып жаткан учак менен акысыз учканын, кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майдын чыгымын гана көтөргөнүн билдирди. 

“ПолитКлиника” медиасы бул сапар үчүн күйүүчү майга канча каражат сарпталганын текшерип көрдү.

Садыр Жапаров жана аны коштогон делегация Катарга лизингге алуу үчүн каралып жаткан эки учактын бири Embraer Legacy 600 учагы менен барган.

Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз
Embraer Legacy 600 учагы

Аба транспорттору боюнча консультация берүүчү Guardian Jet порталындагы мааламытка ылайык, Embraer Legacy 600 учагы 2002-жылдан бери өндүрүлүп келет, жалпысынан 190дон ашык учак чыгарылган. 

Учак 13 жүргүнчүгө ылайыкталган. Сатыктагы баасы 8 млн 750 миң доллардан 12 млн 500 миң долларга чейин. 

Embraer Legacy 600 учагы саатына 300 галлон авиациялык күйүүчү майын сарптайт. Ошол эле Guardian Jet порталындагы маалыматка ылайык, бир галлон керосиндин баасы 5 доллар. Демек, бир сааттык учуу үчүн күйүүчү майга 1500 доллар керектелет. 

Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз

Ал эми Бишкек жана Доха шаарларынын аралыгы учак менен 2 873 километр. Убактысы 6 саат 40 мүнөт. 

Бишкек — Доха багыты боюнча Embraer Legacy 600 учагы 2 000 галлон күйүүчү майын керектейт. 2 000 галлон күйүүчү май 5 доллардан 10 000 долларды түзөт. Бул сумманы эки тарапка эсептегенде 20 000 доллар чыгат.

Демек, президенттин Катарга болгон сапарында кыргыз тарап күйүүчү майга 20 000 доллар сарптаган деп болжолдоого болот. Улуттук банктын бүгүнкү күндөгү курсу менен алганда бул сумма 1 миллион 699 миң сомду түзөт. 

Жеке менчик учак сатып алуу дымагы

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өкмөт чакан делегациялар үчүн жеке менчик учак сатып алуу чечимин кабыл алганын, учурда учакты лизингге алуу процедурасы аяктап калганын билдирди. 

Анын айтымында, кыргыз тарап Bombardier Challenger же Embraer Legacy учагын алууну көздөөдө. Султанбаев Садыр Жапаровдун бул учактар менен болгон чет өлкөдөгү сапарлары лизингге берчү компания менен түзүлгөн келишимге ылайык акысыз болгонун билдирди. Бирок басма сөз катчысы учак кайсы компаниядан, кандай шартта алынып жатканын тактаган жок.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалы менен коштолгон иш сапары

Садыр Жапаров Катарга болгон иш сапарынын алкагында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешине дагы күбө болду. Президенттик администрациядан Жапаров Катарга өлкө эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен барганын белгилешкен.

Катардын маалымат каражаттары Садыр Жапаров Дохага Дүйнө биринчилигинин финалдык оюнуна катышуу үчүн келгенин жазышты. 

Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз

Катар ЖМКсындагы маалыматтарга ылайык, финалдык оюнга Жапаровдон тышкары өлкө жетекчилеринен Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Малайзиянын королу Абдулла II, Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд, Руанданын президенти Поль Кагаме, Намибия президенти Хаге Гейнгоб, Того президенти Форе Гнасингбе, Кения президенти Уильям Руто, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шайа Аль Судани жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан күбө болгон. 

Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз

Ал эми президенттин Катардагы иш сапарынын жүрүшү жана анда кайсы маселелер талкууланганы тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаровдун Катарга сапары үчүн күйүүчү майга кыргыз тарап 20 000 доллар же 1 млн 699 миң сом сарптаганын болжолдоого болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты