Султанбаев «Мегаком» мамлекеттин карамагында каларын билдирди

  • 1 год мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Альфа Телеком» (Mega) жабык акционердик коомунун аукционго коюлушу боюнча социалдык тармактарда комментарий берди. Анда ал «Мегаком» боюнча мамлекеттин пландары өзгөрбөгөнүн, аукционго Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландап жатканын жазды.

«Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө«, — деди Султанбаев.

Бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа-Телеком” (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ишканасын 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарганын кабарлаган.

Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталды жана ушул жылдын 2-октябрында аяктайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты