Министрлер кабинети MEGA`нын акцияларын 14,6 млрд сомго сатууда

  • 1 год мурун

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) жабык акционердик коомунун акциялары аукционго коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады.

Фонддон билдиришкендей, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду. Акциянын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.

Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт.

Табыштамаларды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты