Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы чындык (Фактчекинг) 

16-декабрь күнү Ай Кут аттуу Фейсбук колдонуучусу “Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган”,- деген маалыматты бөлүшкөн. Кээ бир интернет колдонуучулары Токтобүбү Оргалчанын жарандык алганына беш жыл болбогондуктан депутат болууга укуксуз деген билдирүү калтырышкан. 

Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы чындык (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Токтобүбү Оргалча чуусу 

15-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнүн тартиби жана жыйынтыгы жөнүндөгү жобо өзгөртүлдү. Ага ылайык, 7 мандат алган партиядан 2 аял өтүшү керек деген ченем 3 аял өтүшү керек деген ченемге алмашылды.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык, “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат берилди. Бул коомчулук арасында бир катар талаш маселелерге жол ачты. 

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Токтобүбү Оргалча 2021-жылдын январь айына чейин,  Оуерхалика Тохутибуби ысымын алып жүргөнүн жазган. Токтобүбү Оргалча Кытайдан көчүп келген кыргыз. Азыркы учурда, Токтобүбү Оргалчанын өзүнө  «Шыдыр Жол Кей Джи»,  “МегаКомпани”, “Томас Кей Джи” ЖЧКлары катталган. Бул компаниялардын айрымдарында анын жолдошу  Балтабаев Нурсланбек Шабидинович жетекчи катары жазылган. Балтабаев Нурсланбек Шабидиновичтин өзүнө дагы «ТОПФОРМ.КЕЙ ДЖИ», «Достук Фарма» ЖЧКлары катталган.

2018-жылы алынган жарандык 

2018-жылы ошол учурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандар жана чыккандар тууралуу жарлыкка кол койгон. Тизмеде Оуерхалик Тохутибуби да 2018-жылы жарандык алгандардын арасында орун алган. 

Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы чындык (Фактчекинг) 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинде 25 жашка толгон Кыргызстандын жарандары депутат болуп шайланууга укуктуу экени көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн өлкөнүн аймагында белгилүү убакыт жашаш керек деген норма жок. 

Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы чындык (Фактчекинг) 

Баш мыйзамга ылайык, Президент болуу үчүн өлкөнүн аймагында 15 жылдан кем эмес жашоо зарыл. Бирок аталган пункт Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес. Башкача айтканда. Токтобүбү Оргалча шайлоо мыйзмамын бузган эмес. 

Буга чейин болсо, ПолитКлиника медиасына Эльмира Сапарова аттуу жаран Токтобүбү Оргалчанын жолдошу ири суммада алдап кеткенин айтып берген. 

Жыйынтык: Токтобүбү Оргалча 2018-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы чындык. Бирок ал шайлоо мыйзамын бузган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты